музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ҮЧ АЙЛЫГЫНА КАРАТА ИШ-ЧАРА УЮШТУРДУ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ҮЧ АЙЛЫГЫНА КАРАТА ИШ-ЧАРА УЮШТУРДУ

Улуттук тарых музейи мамлекеттик тилдин үй айлыгына карата, байыркы кыргыз тилинин жана жазуусунун тарыхына арналган тегерек отурум ѳткѳрдү.

КР Улуттук тарых музейдин илимий кызматкерлери, И. Арабаев атындагы КМУнун жана Ж. Баласагын атындагы КУУнун тарых институнун студенттери катышкан иш-чарада, профессор К. Табалдиев жана докторант Т. Шаршеналиевдер байыркы кыргыз жазуусу боюнча лекция окушту.

Археолог Кубат Табалдиев, Кыргызстандагы таш жазуу эстеликтеринин изилдениши, археологиялык экспедициялардын жаңы табылгалары, маданий мекемелер, окуу жайлар жана окумуштуулар ортосундагы кызматташттык тууралуу ѳтѳ маңыздуу дарсын мультимедиалык каражаттын жардамы менен түшүндүрдү.

Байыркы кыргыз жазуусу – энесей жазуусу боюнча адис, докторант Тилек Шаршеналиев отурумдун катышуучуларына эски кыргыз жазуусунун грамматикалык ѳзгѳчѳлүгү, окулушу, жазылышы, изилдениши боюнча кеңири түшүндүрүп, интерактивдүү каражатты колдонуу менен бабалардын тамгасында жазууга үйрѳттү.

Археология жана Билим берүү-агартуу бѳлүмү тарабынан “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышта жарыялаган министрликтин буйругуна ылайык уюштурган иш-чара жандуу талкуу, диологдук атмосферада жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90