музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сагыналы Субаналиевдин 75 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтөт

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сагыналы Субаналиевдин 75 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтөт

2023-жылдын 1-декабрында саат 10.00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, көркөм өнөр таануу илимдеринин кандидаты, этноорганолог, профессор Сагыналы Субаналиевдин 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.А.Максутов, маданият ишмерлери, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун профессордук-окутуучулар курамы, Сагыналы Субаналиевдин үй-бүлөсү катышаары күтүлүүдө.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90