музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “СОРОС ФОНДУНУН” ИШ-ЧАРАСЫ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “СОРОС ФОНДУНУН” ИШ-ЧАРАСЫ ѲТТҮ

Сорос фондунун “Искусство как способ самовыражения” аталыштагы долбоорунун алкагында ѳткѳргѳн иш-чарасында, жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кийиз буюмдарды жасоо чеберчилигине үйрѳтүп келе жаткан, балдардын жашоосун ѳзгѳртүүгѳ ѳмүрүн арнаган №87 кесиптик лицейинин агайынын тарыхына арналган “Казыбек агай” даректүү тасмасы кѳрсѳтүлдү.

Иш-чарада Казыбек агайдын окуучуларынын колунан чыккан буюмдардын ярмаркасы жана фотокѳргѳзмѳ кѳрсѳтүлдү.

Уюштурулган иш-чарага профилдик уюмдардын ѳкүлдѳрү, маалымат каражаттарынын кабарчылары жана тасманын каармандары катышты.

Ар түрдүү социалдык топтордун ар тараптуу долбоорлорун ѳткѳрүүгѳ шарт түзгѳн тарых музейинде ѳткѳн, үлгү боло турган, коомдун аялуу бир катмарын кыйынчылыкка карабастан коомго интеграциялаган жана жаңы кесип үйрѳнүүгѳ жардам берген инсанды, коомго ѳрнѳк кылган уюштуруучулардын долбоору кубаттоого алынып, ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90