музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ МАНАС ТЕАТРЫ “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮ БЕЛГИЛЕДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ МАНАС ТЕАТРЫ “МАНАС” ЭПОСУНУН КҮНҮ БЕЛГИЛЕДИ

Улуттун идеологиясы менен тарыхын жайылтып келе жаткан Улуттук музейде бир күн бою “Манас” айтылды.

Ааламда теңдешкис кѳлѳмү жана кѳркѳмдүгү, масштабы жана мазмуну, илимий баалуулугу жана тарыхыйлуулугу менен дүйнѳлүк маданий мурастардын шедеври катары таанылган эпосту даңазалоочу иш-чара ѳткѳрүлдү.

Иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржигит Кадырбеков, окумуштуу Абдылдажан Акматалиев, мамлекеттик ишмер Алиясбек Алымкулов, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчиси Азиз Биймырза уулу, манасчы Рысбай Исаков сындуу инсандар катышып, элдик эпостун орду тууралуу омоктуу ой-пикирлерин билдиришти.

Ырамандын Ырчы уулу, Жайсаң ырчы, Токтогул ырчылардын жолун жолдогон, улуу мурасты улаган жаш манасчылардын тобунун таңдан-кечке айтылган манасы кѳрүүчүлѳргѳ дем берип, сыймыктандырды.

Улуттун иденттүүлүгүнүн символу жана менталитетинин жүзү саналган “Манас” эпосунун күнүнѳ карата тарых музейинде уюштурулган иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90