музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН СУДЬЯЛАРЫ КѲРҮП КЕТТИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН СУДЬЯЛАРЫ КѲРҮП КЕТТИ

Кыргызстандагы иш сапарынын алкагында келген делегацияны музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, расмий таанышуу жана пикир алышууда музейдин тарыхы жана миссиясы тууралуу кыскача маалымат берди.

Делегация ѳкүлдѳрү андан соң музей адисинин түшүндүрүүсүндѳ, Кыргызстандын таберикке айланган табылгалары жана маанилүү тарыхый окуялары тууралуу баяндама угушту.

Кыргызстандын аймагында из калтырган маданияттардан – кыргыз элинин нарк-насилине чейин кѳрүп, ыраазы болгон меймандар, тарыхый мекеменин жетекчилигине жана жамаатына жылуу пикирин билдирип кетишти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90