музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА ПАРТИЯЛЫК ИШМЕР БОЛОТ МАМБЕТОВДУН ТУРУКТУУ КѲРГѲЗМѲСҮ АЧЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА ПАРТИЯЛЫК ИШМЕР БОЛОТ МАМБЕТОВДУН ТУРУКТУУ КѲРГѲЗМѲСҮ АЧЫЛДЫ

Чыгаан мамлекеттик ишмер, окумуштуу, КССРинин Министрлер Советинин тѳрагасы, ѳлкѳнүн экономикасынын ѳнүгүшүнѳ зор салым кошкон Болот Мамбетовдун атайын бурчу жана “Ѳмүрү ѳрнѳктүү инсан” аталыштагы иш-чара кеңири коомчулуктун катышуусунда ѳткѳрүлдү.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, КР Президентинин администрациясынын ѳкүлү Октябрь Капалбаев, КР Баатырлары Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Алиясбек Алымкулов, КР Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова жана замандаштары менен туугандарынын катышуусунда экспозициядагы бурчу расмий ачылды.

Ачылышынан кийин “Манас” айтылып, тѳкмѳ акындар Болот Мамбетовдун бейнесин ыр менен даңазалап тѳгүштү.

Иш-чараны ачкан жана модераторлук кылган музей жетекчиси Жылдыз Бакашова кѳргѳзмѳнүн мааниси жана мамлекеттик ишмердин элине сиңирген эмгеги тууралуу ѳзгѳчѳ белгилеп ѳттү.

Мамлекеттик расмий жетекчилер жана ишмерлер, ѳз сѳздѳрүндѳ анын инсандык сапаттары жана мамлекетке жасаган орчунду эмгеги унутулбастыгы тууралуу таасирдүү сѳздѳрү менен эскеришти.

Музей – тарыхый эс-тутумдардын жайы катары, жаратман инсандардын нускалуу ѳмүрү жана ѳзѳктүү окуялардын тамырлуу таржымалын жайылтуу менен, коомго ѳрнѳк-таалим ишин жигердүү улантат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90