музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ “КАМИС 5” ПРОГРАММАСЫН ОКУП ҮЙРѲНҮҮДѲ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ “КАМИС 5” ПРОГРАММАСЫН ОКУП ҮЙРѲНҮҮДѲ

КАМИС компаниясынын башкы директору Юрий Лошак жана Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашованын жетекчилиги менен түзүлгѳн келишимге ылайык, “КАМИС 5” системасын киргизүү жолдору окутулууда.

Музей кызматкерлерине музей предметтерин электрондук каттоого алуу системасын колдонуу боюнча 5 күндүк, 30 сааттык семинар тарых музейинин базасында ишин баштады.

КАМИСтин башкы директору, орун басары жана адиси окутуп жана багыт берип жаткан семинар жана түзүлгѳн келишим музейдин перспективалуу жана жемиштүү ишине айланып, маданий мекеменин мүмкүнчүлүктѳрүн кеңейтмекчи.

Музей экспонаттарын электрондук каталогун түзүү системасын түзүү аркылуу, алдыда ар бир кыргыздын жараны жана дүйнѳ эли уникалдуу музей коллекциялары менен музей сайты аркылуу кеңири маалымат алуучу жана уникалдуу топтомдорго кѳзѳмѳлдүү күчѳтүүчү музейдин негизги иштеринин бири ишке ашырылат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90