музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮНДҮК КИПР ТҮРК РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЭРСИН ТАТАР КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ТҮНДҮК КИПР ТҮРК РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЭРСИН ТАТАР КЕЛДИ

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өлкөгө жеке визит менен келген президенти Эрсин Татар иш сапарынын жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларынын алкагында, тарых музейине атайын келип, зыярат кылды.

Президент Эрсин Татар жетектеген делегация курамын мекеменин башчысы, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, туруктуу кѳргѳзмѳнү биргеликте кѳрүп чыгышты.

Илимий кызматкер тарабынан түрк кагандыктарынын жана кыргыз кагандыктарынын географиялык кеңири чѳлкѳмгѳ таасири жайылган жерлердеги табылгаларынан, кыргыз элинин материалдык-руханий турмушуна чейин экскурсия жүргүзүлдү.

Кыргыз тарыхы менен таанышып чыккан меймандар, соңунда байыркы бабалардын буюмдарынын түп нускаларын сактап келе жаткан музейге ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90