музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ҮЧ АЙЛЫГЫНА КАРАТА ИШ-ЧАРА УЮШТУРДУ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН ҮЧ АЙЛЫГЫНА КАРАТА ИШ-ЧАРА УЮШТУРДУ

“Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышта жарыялаган министрликтин буйругуна ылайык, тарых музейи Ван жерине отурукташып калган Памир кыргыздарын тарыхын жана кыргыздардын материалдык маданиятынын күзгүсү саналган улуттук баш кийим – элечек боюнча иш-чара ѳткѳрдү.

КР Улуттук тарых музейинин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тегерек отурумду расмий ачып, мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата тарых музейи ѳткѳрүп жаткан иш-чаралардын илимий-агартуучулук маанисинин чоң экендигине токтолду.

Иш-чарага Асан Ормушов, Амантур Жапанов, Нурбек Жолдошов, Аниса Бекбулатова, Аида Кубатова сындуу бир канча окумуштуулар, кѳрүнүктүү ишкер, кыргыз маданиятын жайылтуучу Жаңылсынзат Тургунбаева жана музей кызматкерлери менен окуу жайлардын студенттери катышты.

Этнография бѳлүмүнүн башчысы жана “Аталар изи” фондусунун жетекчиси мультимедиялык каражат аркылуу, Памир кыргыздарынын турмушу тууралуу кызыктуу фотоотчеттук изилдѳѳлѳрү менен публикага бѳлүшүп, элечек ороо, анын ѳзгѳчѳлүктѳрү жана мааниси боюнча комментарийленген мастер-класс кѳрсѳтүлдү.

Аталар мурасын аздектеп сактап жана жайылтып келе жаткан тарых музейи, ѳткѳргѳн иш-чаралары аркылуу, тил, тарых, маданияттын ѳнүгүшүнѳ ѳз салымын кошууну улантууда.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90