музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ ЖЫЛДЫЗ БАКАШОВА МАДАНИЙ САНАРИПТИК ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШТЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ДИРЕКТОРУ ЖЫЛДЫЗ БАКАШОВА МАДАНИЙ САНАРИПТИК ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШТЫ

Тарых музейинин жетекчиси Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын музейлери менен Корея ѳлкѳсүнүн техникалык-экономикалык камсыздоо тобунун, алдыда маданий санариптик байланышты илгерилетүү багытында ѳткѳргѳн жыйынына катышты.

Маданият министрлиги менен бирге, корей ѳкүлдѳрү менен талкууда мындан ары Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттиги (КОЙКА) менен кызматташуу аркылуу, электрондук каттоого алуу маселелерин чечүү жана илгерилетүү каралды.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ, музейдин тандамал экспонаттарынын тарыхы камтылган китеп, музей директору тарабынан корей меймандарга тапшырылды.

Маданият чѳйрѳсүндѳгү жигердүү ыргакта жүрүп жаткан эл аралык бул байланыштар, музейлер ишин жакшыртуу жана ѳнүктүрүү аянтын кеңейтүүдѳ.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90