музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЭЛ АРАЛЫК МАЙЫПТАР КҮНҮНѲ КАРАТА ИШ-ЧАРА ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЭЛ АРАЛЫК МАЙЫПТАР КҮНҮНѲ КАРАТА ИШ-ЧАРА ѲТТҮ

ПРООНдун гендердик теңчилик кампаниясынын алкагында, КР 16 аялзаты жана кыздары тарабынан “Биргеликте жаратабыз” аталыштагы арт панносунун репрезентациясы тарых музейинин чоң залында уюштурулду.

ПРООНдун, Министрлер кабинетинин, Маданият министрлигинин, коомдук бирикменин жооптуу ѳкүлдѳрү жана активдүү коомчулук катышты.

Иш-чарага расмий катышкан музей директору, профессор Жылдыз Бакашова ар кандай саламаттык жана физикалык кыйынчылыктарга карабастан, туш кийиз стилинде жасалган кыргыз элинин турмуштук, дүйнѳ таанымдык жана философиялык кѳптѳгѳн символдорду камтылган, аялзатынын жашоого, сүйүүгѳ, бакытка умтулганын чагылдырган уникалдуу, креативдүү эмгек экендигин белгилеп, коомду чогуу ѳнүктүрүүгѳ багытталган иштер уланаарын билдирди.

Арт искусствонун Маншук Есдаулет, Айпери Аралбаева, Алтынай Боталиева сындуу жаратуучуларынын бекем эрктери менен кыялынан жаралган, терең ой камтылган, тарых музейине белекке ѳткѳрүлүп жаткан панно кѳрүүчүлѳрдү суктандырды.

КР Улуттук тарых музейинде ѳтүп келген, коомдун аялуу катмарын колдоого алып, талантына дем берген акцияларды музей колдоого алат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90