музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КАМИСТИН РАСМИЙ АЧЫЛЫШЫ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КАМИСТИН РАСМИЙ АЧЫЛЫШЫ ѲТТҮ

Тарых музейинин уюштуруусу менен комплекстүү автоматташтырылган музей маалымат системасы КАМИС 5.0ти тарых музейине киргизүү долбоору мамлекеттик  расмий презентацияланды.
Иш-чараны ачкан музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова эки ѳлкѳ ортосундагы кызматташтыктын аркасында ишке ашып жаткан долбоор – КАМИС Борбордук Азия ѳлкѳлѳрүнүн ичинде, биринчи тарых музейинде ачылып жатышынын маанилүүлүгүн белгилеп,  Меморандум түзүлгѳндѳн тарта колдоо кѳрсѳтүп келе жаткан мамлекеттик мекемелерге, дипломатиялык корпуска, заманбап серверди тапшырып жана окуткан КАМИСтин ѳкүлдѳрүнѳ ыраазычылыгын билдирди.
Иш-чарага атайын катышкан  КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, КР Президентинин Жарлыгынын алкагында, ѳлкѳнүн Башкы музейинде  жүргүзүлүп жаткан олуттуу ишке ийгилик каалады.
Жыйында, долбоорго жана программага колдоо кѳрсѳткѳн Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара-Самат, Россия Федерациясынын Президентинин маданий кызматташтык боюнча жооптуу ѳкүлдѳрү, музейлер  менен ар тараптуу кызматташтык мындан ары да активдүү уланаарын белгилешти.
Презентациянын жүрүшүндѳ жаңы программаны үйрѳнүп жана активдүү иштеп жаткандыгын тастыктаган сертификаттар, музей кызматкерлерине тапшырылды.
Иш-чара Манас театрынын ѳнѳр адамдарынын  концерттик программасы менен уланып, ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90