музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲСҮ ФИЛАРМОНИЯДА АЧЫЛДЫ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲСҮ ФИЛАРМОНИЯДА АЧЫЛДЫ

Планетардык масштабдагы жазуучу, дипломат, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгын расмий жабуу мамлекеттик иш-чарасынын алкагында, тарых музейинин фотодокументалдык кѳргѳзмѳсү кѳрүүчүлѳргѳ тартууланды.Кыргыз Республикасынын Баатырынын “Гезитчи Дзюйдодон” – “Тоолор кулады” чыгармасына чейинки басып ѳткѳн жолу жана ишмердүүлүгү, улуттук адабиятты түптѳѳ жана улуттук маданияттын бир канча тармагынын – кино, театр, сүрѳт, музыка, ж.б. ѳнүгүшүнѳ даңгыр жол салган эмгеги тууралуу баяндаган музей кѳргѳзмѳсү, Айтматовдун окурмандарынын назарына коюлду.Адам, коом, ааламдын ѳткѳнү, учуру жана келечеги жѳнүндѳ ой толгогон жазуучу ѳз ѳмүрүндѳ 30дан ашуун чыгарма жазып, 40ка жакын ѳлкѳнүн жана чет мамлекеттердин эл аралык эң жогорку наамдарын жана сыйлыктарды алгандыгы мааракеге катышкандарга баяндалды. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде 30дан ашуун кино тартылып, 30дан ашуун мекемелерге, окуу жайларга, кѳчѳлѳргѳ, гүлбактарга, ж.б. ысымы берилип, номинациялар ыйгарылып, монета, маркалар чыгарылгандыгы жаштарга түшүндүрүлдү. Музей кѳргѳзмѳлѳрү аркылуу тарыхка, маданиятка, айтматов таанууга ѳз салымын кошууну улантууда.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90