музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЧЫГААН ЖАЗУУЧУ ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ѲТТҮ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЧЫГААН ЖАЗУУЧУ ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ѲТТҮ

Чынгыз Айтматов “Биз бир кемедебиз” Чыгармачылык орус тилинде Эл аралык форуму, Маданият министрлигинин уюштуруусунда ишин баштады.Иш-чараны КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты минситри Алтынбек Максүтов расмий ачты.Кыргызстан, Казакстан, Ѳзбекстан, Татарстан, Россия окумуштууларынын катышуусунда, Кыргызстан Кинематографисттер Союзун 21 жыл жетектеген, Кыргызстандын 16 жыл чет мамлекеттерде ардактуу элчилик кызматын аркалаган, СССРдин Жогорку Советинин Улуттар Советинин 5 жолку, КССРинин Жогорку Советинин 5 жолку депутаты Ч. Айтматов жана анын чыгармачылыгы эскерилүүдѳ.Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Лениндик жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын үч жолку лауреаты, Социалисттик Эмгек Баатыры, КРУИАсынын анык мүчөсү, эл аралык ондогон сыйлыктардын ээси тууралуу форумдун катышуучулары изилдѳѳлѳрү менен бѳлүштү.Форумдун пленардык жана секциялык докладдары “Адамга эң кыйыны – күн сайын Адам болуу.” “Ч. Айтматов жана Евразиялык идея” темасында жүрүп, Айтматовдун чыгармачылыгынын картинасынын алкагында уланды.Тарых музейинде залкар жазуучунун 95 жылдыгынын алкагында, эл аралык илимий жана маданий чѳйрѳнүн башын бириктирген форум ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90