музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ЖАЗУУЧУНУН ЖАНЫЛАНГАН ТУРУКТУУ ЭКСПОЗИЦИЯСЫН АЧТЫ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН 95 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ЖАЗУУЧУНУН ЖАНЫЛАНГАН ТУРУКТУУ ЭКСПОЗИЦИЯСЫН АЧТЫ


Дүйнѳлүк адабияттын кѳрүнүктүү классиги, гениалдуу жазуучу, дипломат, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чынгыз Айтматовдун “Жазуучу – ѳз доорунун күзгүсү” аталыштагы туруктуу кѳргѳзмѳ бурчу тарых музейинде ачылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Баатыры Алиясбек Алымкулов, КР Президентине караштуу тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев, КР Улуттук тарых музейинин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова, КР УИАнын академиги, айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиев, окумуштуу Дѳѳлѳтбек Сапаралиев, жазуучунун уулу, мурдагы КР Тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Казакстан, Ѳзбекстан, Татарстан, Россия ѳлкѳлѳрүнүн окумуштуулары менен ѳкүлдѳрү жана окуу жайдын студенттери катышты.
Иш-чара менен кѳргѳзмѳнү расмий ачкан жана түшүндүрүп берген музей директору, профессор Жылдыз Бакашова, кыргыз таануу, манас таануу менен катар айтматов таануунун дүйнѳлүк адабий процессте кеңири тарашы, залкар жазуучунун феноменин кѳрсѳтѳѳрүн, эмгеги эң кѳп окулган залкар жазуучу экендигин сѳзүндѳ баса белгиледи.
Адамзаттын түбѳлүктүү идеаларын жана глобалдык маселелерин планеталык деңгээлде кѳркѳм ачып берген, адамды адамдык парасатты сактап калууга чакырган кеменгер инсандын кѳргѳзмѳсүн түзгѳн музей жетекчилигине жана жамаатына, катышуучулар иш-чаранын жүрүшүндѳ ыраазычылыгын билдиришти.
Музей илимий-агартуу ишин улантуу менен, туруктуу кѳргѳзмѳдѳгү жаңы ачылган Айтматов ааламы менен таанышууга, ѳз кѳрүүчүлѳрүн чакырып кетет.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90