музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ЕВРОПА ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ЕВРОПА ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

“Кыргыз Республикасы – Европа биримдиги” Парламенттер аралык кызматташтыгынын 16-жыйынынын кезектеги отурумунун катышуучулары – Европа парламентттик кызматташтык Комитетинин теңтөрагасы Томас Здеховски башында турган делегациясы, маданий программанын алкагында тарых музейине келишти.Музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова Томас Здеховски башында турган делегациясы өкүлдөрүн тосуп алып, маданий аспекте кыскача пикир алышты.Кыргыз мамлекетинин тарыхы менен атайын таанышууга келген расмий делегаттарга Азиядан – Европага чейин тараган гунн-түрк элдеринин миграциясы жана калтырган издери, Чыгыштан – Батышка чейин созулган Улуу Жибек жолунун соода-экономикалык жана маданий байланыштарын айгинелеген буюм далилдери мисалга тартылуу менен илимий кызматкер тарабынан кеңири маалымат берилди.Парламенттик делегация өкүлдөрү, соңунда Евразия континентинин цивилизацияларынын тоомунда көпүрө катары кызмат өтөп, тарыхый-маданий жактан байланыштарып турган өлкөнүн уникалдуу коллекциялары менен таанышуу руханий ырахат тартуулаганын айтып, музей жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90