музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ 6 МАМЛЕКЕТТИН ЭЛЧИЛИГИНИН КАТЫШУУСУНДА ЖАНЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ КЕЧЕСИН ӨТКӨРДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ 6 МАМЛЕКЕТТИН ЭЛЧИЛИГИНИН КАТЫШУУСУНДА ЖАНЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ КЕЧЕСИН ӨТКӨРДҮ

Тарых музейи “Сыйкырдуу майрам:дүйнѳ элдеринин жаңы жылдык салттык ѳзгѳчѳлүктѳрү” аттуу жаңы жылдык кѳргѳзмѳсү жана майрамдык иш-чарасын 6 өлкөнүн: Венгрия, Казакстан, Япония, Кытай, Россия, Франция ѳлкѳлѳрүнүн Элчиликтеринин катышуусу жана колдоосу менен биргеликте уюштурду.
Иш-чараны музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова ачып, бул жаңы жылдык акциянын өзгөчөлүгү, дүйнөнүн ар бурчунда майрамдалган балатынын өзгөчөлүктөрү менен тарых музейинен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жаткандыгын билдирди.
Ар өлкөнүн сөз алган Элчилери жана өкүлдөрү, элдердин ынтымагына, таанып билүүсүнө мүмкүндүк түзгөн акциянын маанилүүлүгүн белгилешти.
Иш-чарадан дүйнѳлүк аренада ѳзүнүн салттык жана цивилизациялык ѳзгѳчѳ орду бар 6 мамлекеттин кооз жана кѳркѳм, сырдуу жана сыйкырдуу жаңы жылдык балаты кѳргѳзмѳсү көрсөтүлүп, оюндары ойнотулуп, Элчилердин өздөрү тарабынан эң кызыктуу экскурсия жүргүзүлдү.
Жаңы жылдык балдар кечесин таланттуу чыгармачыл инсандардын кызыктуу концерттик программасы коштоп, Манас айтылып, ырлар ырдалды.
Дагы бир кызыктуу окуя, Аяз Атанын атайын бурчу экспозиция залында ачылып, эми музейге келген балакайлар өз каалоо-тилектерин жана Аяз Атага кат жаза алышат.
Алгачкы жолу Кыргызстанда ар бир мамлекеттин жаңы жылдык жөрөлгөлөрүн, тарыхын, маданиятын демонстарциялаган кеңири коомчулукка жайылткан саамалык, эми жыл сайын өткөрүлүүчү салтка айланмакчы.
Улуттук музей, кыргыздын жана дүйнѳ элдеринин салттуу майрамын жуурулуштурган мындай иш-чаралар аркылуу, көрүүчүлөрүнү маданий эс алуусуна шарт түзүү жана кеңири диологду, жемиштүү кызматташууну күчѳтүүнү кѳздѳйт.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90