музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “КЫРГЫЗДАР” КИТЕБИНИН 40 ТОМДУГУНУН БЕТ АЧАРЫНЫН АЗЕМИ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “КЫРГЫЗДАР” КИТЕБИНИН 40 ТОМДУГУНУН БЕТ АЧАРЫНЫН АЗЕМИ ѲТТҮ

Кеңеш Жусупов жана Каныбек Иманалиев түзгѳн 40 томдук “Кыргыздар” китебинин презентациясы мамлекеттик-коомдук ишмерлердин жана илимий коомчулуктун кызуу катышуусунда ѳттү.
Иш-чараны расмий ачкан жана алып барган музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова, ал серия алгач 5 томду түзсө, кийинки чыгарылышында К. Жусупов, К.Иманалиевдер менен биргеликте кыргыз элинин санжыргалуу энциклопедиясы, фундаменталдык эмгектердин жыйындысы, элдик мурастардын сериясынын толукталган 20 томдугун чыгарууга түз катышкан жооптуу Авторлордун бири экендигин, үзүрлүү ишти түптөөчүлөрүдүн катарында тургандыгы менен сыймыктанарын билдирди.
Бүгүнкү күнү географиялык алкагы кеңейип, байытылып, келечекте изилдөөчүлөрдүн базасына айланып, 40 томдук болуп чыгып жаткан китептеги маалыматтардын эң түпкү булактары жана сакралдык артефактары сакталган Улуттук тарых музейинде ачылып жатышы да, символикалык чоң мааниге ээ экендигине токтолду.
Иш чарага КР Мамлекеттик катчысы С. Касмамбетов, КР Президентинин кеңешчиси М. Букуев, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Э. Токтошев, М. Самыйкожо, КР Баатырлары М. Шеримкулов, М. Мамытов, А. Алымкулов жана академиктер, эл акындары, эл жазуучулары, кесипкѳй мугалимдер катышты.
Ѳлкѳнүн башкы идеологу С. Касмамбетов түзүүчүлѳр жана авторлор тарабынан улуттук иденттүүлүк үчүн жасалган чоң эмгек экендигин белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндѳ китептин электрондук варианты Кыргыз википедиясына ѳткѳрүлүп, томдуктарды элдик инсандарга ыйгарган сертификаттар салтанаттуу тапшырылып, тарых музейине 40 томдугу ѳткѳрүлдү.
Иш-чара манасчылардын, тѳкмѳ акындардын, комузчулардын кѳрүүчүлѳрдүн жан дүйнѳсүн эргиткен концерттик программасынын коштоосунда уланды.
Улуттун кенчин сактаган улуттун музейинде кыргыздын 40 томдугуна арналган бет ачар ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90