музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КОМПОЗИТОРЛОР СОЮЗУНУН СЫНАГЫНЫН ЖЕⱧҮҮЧҮЛѲРҮ СЫЙЛАНДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КОМПОЗИТОРЛОР СОЮЗУНУН СЫНАГЫНЫН ЖЕⱧҮҮЧҮЛѲРҮ СЫЙЛАНДЫ

Маданият министрлиги жана Композиторлор союзу тарабынан ѳткѳрүлгѳн “Балдар үчүн мыкты аспаптык чыгармалар”, “Оркестр үчүн чыгармалар” жана “Мыкты обондор” сынагынын жеңүүчүлѳрү аныкталып, атайын сыйлыктар ыйгарылды.
Иш-чараны КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов ачып, кыргыз эли байыркы тарыхы, маданияты, салты, наркы жана музыкасы бар эл экендигин белгилеп, маданият ишмерлеринин ишине ийгилик каалап, чыгармачыл адамдардын шыгына дем берген ыраазычылык барактарды жана материалдык сыйлыктарды ээлерине тапшырды.
Мамлекет тарабынан маданият тармагына чоң кѳңүл бурулуп жаткандыгы сынактын сыйлоо аземинде ѳзгѳчѳ белгиленди.
Улуттук музейде уюштурулган салтанаттуу иш-чара майрамдык маанайда жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90