музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ЖАМААТЫ ЖАⱧЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ЖАМААТЫ ЖАⱧЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСТУ

Улуттук тарых музейинде администрациясынын жана профсоюз комитетинин уюштуруусу менен Жаңы жыл белгиленди.
Иш-чараны ачкан музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова жалпы жамаатты келе жаткан майрамы менен куттуктады.
Ѳлкѳнүн имиджин кѳтѳрүп, улуттук мурасты тааныта турган мекеме тарабынан жыл ичинде илимий-агартуу, экспозициялык-фондулук жана эл аралык кызматташтык ж.б. негизги багыттарда чоң иштер жасалгандыгын белгиледи.
Расмий бѳлүктѳн кийин, жаңы жылдык концерттик программа коюлуп, майрамдык белектер тартууланып, ѳз ишинде ийгилик жараткан кызматкерлерге музейдин ички сыйлыктары тапшырылды.
Эл акыны, таланты менен таанымал Азамат Болгонбаев атайы келип мурастардын ордосу саналган музейдин кызматкерлеринин куттуктап, майрамын шаңга бѳлѳп, ырга салып тѳктү.
Музей ѳз кѳрѳрмандары менен кесиптештерин да кирип келген Жаңы жылы менен куттуктайт жана мындан ары да ѳз профилине жана спецификасына ылайык, коомго илимий-агартуучу жана тарбиялык ишин үзгүлтүксүз улантат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90