музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ТАШКУЛ КЕРЕКСИЗОВДУН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН “ТАШКУЛ АКЕ ААЛАМЫ” АТАЛЫШТАГЫ ЭСКЕРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ТАШКУЛ КЕРЕКСИЗОВДУН 75 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН “ТАШКУЛ АКЕ ААЛАМЫ” АТАЛЫШТАГЫ ЭСКЕРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ѲТТҮ

Иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, КР Президентинин кеңешчиси Бекбосун Борубашев, КР Улуттук тарых музейинин жетекчиси Жылдыз Бакашова, коомдук ишмер Роза Айтматова жана замандаштары менен жакындары катышты.
Иш-чараны расмий ачкан жана алып барган музей жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова легендарлуу инсандын жашоосунун постулаты – кыргыздардын ааламын дүйнѳгѳ таанытуу, маданияттардын жана цивилизациялардын ордосун түзүү сындуу кѳптѳгѳн идея менен жашаган, утопиядай сезилген чындыкты ишке ашырган гениалдуу инсан болгондугун ѳзүнүн мазмунду докладында билдирди.
Ташкул Аганын жаратмандык касиети – кыргыз элинин гана тарыхын, маданий байлыгын, этнографиясын, кааада-салтын ийне-жибине чейин түшүнгѳндүгүндѳ эмес, ошону менен бирге дүйнѳлүк философияны, эзотерика, искусство, музыка, кѳркѳм чыгармаларды да мыкты билип, түшүнүп, ѳзүнүн жашоосунда, кыргыз элине берген керемет курулуштарында пайдалана билгендигинде, далил катары Кереметтүү кѳгүлтүр кѳлдүн жээгинде кайталангыс эки маданий борборду “Рух Ордо” жана “Аалам Ордону түзгѳндүгү”, ѳзгѳчѳ архитектурасы, колорити, тематикасы бар улуттук долбоорлорду жараткандыгы деп белгиледи Жылдыз Бакашова.
Сѳз сүйлѳгѳн мамлекеттик жетекчилер улуттук интеллигенциянын философиялык ой жүгүрткѳн, оригиналдуу ойлору бар, илим жана диндин шайкештигине басым жасаган, кыргыздын жана адамзаттын руханий мурасы тууралуу планетардык машстабда ой жүгүрткѳн мекенчил жана мээнеткеч инсан, о.э. меценат болгондугуна токтолушту.
“Ташкул Аке ааламын” курап кеткен ишмердин ѳмүрүнүн маңызы чагылдырган даректүү тасма иш-чаранын жүрүшүндѳ тартууланып, чакан кѳргѳзмѳ аркылуу эмгек жолу тааныштырылып, оркестрдин жана комузчулардын классикалык музыкаларынын аткаруусу коштоду.
Жаратман, мамлекетчил, феноменалдык инсандардын ѳмүр тарыхы сакталган тарых музейиндеги иш-чара ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90