музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ ЖАⱧЫ ЖЫЛДЫК КАЙРЫМДУУЛУК БАЛАТЫ МАЙРАМЫН ѲТКѲРДҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ ЖАⱧЫ ЖЫЛДЫК КАЙРЫМДУУЛУК БАЛАТЫ МАЙРАМЫН ѲТКѲРДҮ

Иш-чараны ачкан КР Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова майрамдык кечени тарых музейи 2 жылдан бери уюштуруп келе жаткандыгын билдирип, балдар үйлѳрүнүн тарбиялануучуларуна каалоо-тилегин арнады.
Президенттик администрациянын Балдардын укугун коргоо боюнча ѳкүлү Асель Чынбаева ѳлкѳ башчынын атынан атайын келип катышып, Кыргыз Республикасынын Президентинин куттуктоосун жолдоду.
Балдар ѳлкѳнүн келечеги экендигин айтып, коомдун аялуу катмарына кѳңүл бурдурууну жана аны жайылтууну кѳздѳгѳн музейдин салтка айланган иш-чарасынын маанилүүлүгүн белгиледи.
Беловодскийдеги психоневрологиялык оорулуу балдардын ССМи, “Ардактуу атуулдар”, “Эне тынччылыгы”, “Алиман эне”, “Рука в руке”, “Особенный ребенок”, “Аплифт”, “Движение вперед”, “Сантерра” “Гүлсүн ” “Утренняя Звезда”, “Наше общее дело”, “Плюс” “Фонд Евразия Центральной Азии” сындуу коомдук бирикмелердин, фонддордун ж.б. акыл-эси, ден-соолугу ж.б. себептер менен кароого алынган балдарды тарбиялап жаткан коомдук уюмдар Балаты майрамына катышты.
Концерттик программадан кийин, чакырылган бѳбѳктѳргѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин жаңы жылдык жагымдуу белектери тапшырылды.
Музей жетекчиси Жылдыз Бакашова, иш-чаранын соңунда кѳңүл бурууга муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жаңы жыл алдындагы маанайын кѳтѳрүүчү, жашоосуна жаңы дем берүүчү иш-чара, мындан ары да ар жыл сайын ѳткѳрүлѳрүн билдирип кетти.
Балдар үйлѳрүнүн ѳкүлдѳрү жана ата-энелер, Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын ѳкүлүнѳ жана Жаңы жыл майрамын жогорку деңгээлде уюштурган музей жамаатына терең ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90