КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЧОН МАСШТАБДА ТАРТЫЛГАН, “7” АТАЛЫШТАГЫ ЖЕТИ АКЕГЕ АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ
Улуттук музейде XVIII-XIX-XX кк. касиеттүү көл өрөөнүнүндө жашап өткөн тарыхый инсандар – жети акенин кайрадан жаңыланып, изилденип өзгөчө чеберчилик менен тартылган чоң масштабдагы "7" деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү жалпы көрүүчүлөргө тартууланды. Кыргыз элинин феномени саналган олуялык кѳсѳмдүгү, философиялык ой жүгүртүү аалымдыгы,
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ АЖЫДААРЛАРДЫН ЖАНА БАЛДАР КААРМАНДАРЫНЫН КѲРГѲЗМѲСҮ АЧЫЛДЫ
Тарых музейинде илимий-маданий тарбиялык кѳргѳзмѳлѳр менен катар, элдердин эстетикалык эс алуусуна шарт түзгѳн иш-чаралар уюштурулуп келет. Бүгүн, жаш муундун кѳңүл кушун кѳтѳргѳн, бийиктиги 2.5 метрге чейин жеткен фантастикалык алп жаныбарлардын жана балдар тасмасынын сүйүктүү персонаждарына айланган Шрек, Такай сындуу мультфильмдин каармандарын
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КОРГОО МИНИСТРЛИГИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Тарых музейине саякат жасаган, КМШнын Россия, Белоруссия, Казакстан, Ѳзбекстан, Армения мамлекеттеринен келген коргоо тармагынын кызматкерлерине маданий экскурсия уюштурулду. Меймандарга, Евразия чѳлкѳмүнүн кеңири аймагында тарыхый изин калтырган кыргыздардын маданий эстеликтери жана алардын илимий булак катары орду тууралуу кеңири түшүндүрүлдү. Күч түзүмүнүн ѳкүлдѳрү, кыргыздардын
ПРЕСС- РЕЛИЗ: 2023-жылдын 28-Октябрь Бишкек шаарында өтө турган өзгөчө тарыхый саамалыкка чакырабыз!
Урматтуу медиа өкүлдөрү, ардактуу журналисттер! 2023-жылдын 28-Октябрь Бишкек шаарында өтө турган өзгөчө тарыхый саамалыкка чакырабыз! XVIII-XIX-XX-кылымдарда касиеттүү көл өрөөнүнүндө жашап өткөн тарыхый инсандар-жети акенин кайрадан жаңыланып, изилденип өзгөчө чеберчилик менен тартылган чоң масштабдагы жети портрети "7" деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү жалпы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ МЕНЕН ТААНЫШУУ МАКСАТЫНДА, БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНУН АЙЫЛДЫК КЕНЕШТЕРИНИН ДЕПУТАТТАРЫ КЕЛДИ
Алыскы Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер жана Кең-Талаа айыл ѳкмѳттѳрүнүн айылдык Кеңештеринин депутаттары, КР Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышуу программасынын алкагында, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын демилгеси менен улуттун жүзү саналган тарых музейине саякат жасашты. Мекенчил
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ИСХАК РАЗЗАКОВДУН 113 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ѲТТҮ
Кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 113 жылдыгына карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында, тарых музейинде илимий-практикалык конференция мамлекеттик жетекчилердин, коомдук ишмерлердин, окумуштуулардын жана активдүү жарандардын катышуусунда ѳткѳрүлдү. Кыргыз Республикасынын Баатыры И. Раззаковго арналган иш-чараны КР Мамлекеттик катчысы Сапарбек Касмамбетов ачып, ѳз
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЯПОН КИНОСУНУН ФЕСТИВАЛЫ ѲТТҮ
Кыргыз Республикасындагы Япон элчилигинин уюштуруусу менен, япон маданиятынын бир айлыгынын алкагындагы япон киносунун фестивалы кѳрѳрмандардын кызуу колдоосунда ѳткѳрүлдү. Бишкек шаарынын тургундарына, жаштарга, музей кѳрүүчүлѳрүнѳ япон маданиятынын жана киноискусствосунун жетишкендиги, коомдун ар кыл катмарынын ѳкүлдѳрүнүн жашоосундагы сабак алуучу, эмоциялык таасирленткен окуялары тууралуу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ МЕДИЦИНА ѲКҮЛДѲРҮНҮН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ѲТҮҮДѲ
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин 20 жылдыгына арналган “Медицина илиминдеги жана билим берүү тармагындагы инновациялар” аттуу жыл сайын ѳтүүчү VI Эл аралык илимий-практикалык конференция кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳрдүн жана ѳнѳктѳштѳрдүн колдоосунда ишин баштады. Ачылуу церемониясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тѳрагасынын жана бир катар