КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ КЫТАЙ ѲЛКѲСҮНҮН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Кыргыз-кытай ѳлкѳсүнүн жакшы коңшу, достук жана кызматташтык жѳнүндѳгү макулдашуусунун алкагында, эмгек ресурсу жана социалдык камсыздоо багытындагы алаканы чыңдоо багытында иш сапарда жүргѳн кытай ѳлкѳсүнүн делегациясы, тарых музейин кѳргѳзмѳсүнѳ саякат жасады.
Расмий ѳкүлдѳр Байыркы доордо башталып, бүгүнкү күнгѳ чейин уланып келе жаткан кыргыз-кытай байланышынын тарыхы тууралуу жазылып калтырылган кытай булактарындагы хроникалардан – Кыргызстанга берилген мамлекеттик белектерге чейинки экспонаттар аркылуу тарыхый окуялар менен жакындан таанышты.
Алар кѳчмѳндѳр мамлекеттүүлүгү менен отурукташкан династиянын тыгыз байланышы болгондугун далилдеген тарых музейинин буюмдарынын табылган жери, мезгили, жазып кеткен авторлору ж.б. тууралуу ѳзгѳчѳ кызыгууда угуп кѳрүштү.
Соңунда, Борбордук Азиядагы ири музейдин ишине ийгилик каалап кетишти.