музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН САПАТ МЕКТЕБИНИН МУГАЛИМДЕРИ КѲРҮШТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН САПАТ МЕКТЕБИНИН МУГАЛИМДЕРИ КѲРҮШТҮ

Республикалык тестке даярдоо курсунда окууда жүргѳн педагогдордун тобу каникулдук эс алуу учурунда тарых музейи менен таанышууга келди.
Билимдүү агай-эжейлерге, Кыргызстандын кѳѳнѳ тарыхы экспонаттардын кызыктуу легендасына таянуу менен түшүндүрүлүп берилди.
Кыргыз элинин этнопедагогикалык тарбиясы, мусулман медреселериндеги жадиддик билим берүү, орус тузем мектептеринин жергиликтүү кадрларды тарбиялоодогу салымы, советтик жана Болон системасындагы окуу моделдеринин артыкчылыктары менен ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча маалыматтарды кѳңүл коюу менен угушту.
И. Арабаев, К. Тыныстанов, А. Шабданов, С. Нааматов сындуу агартуучулардын ѳмүрү жана эмгек жолу фотодокументалдык материалдардын жардамы аркылуу айтылып берилди.
Эс алуусун иш тажрыйба топтоо менен айкалыштырып окууда жүргѳн педагогдор, улуттун руханий байлыгын жайылтып келе жаткан тарыхый мекемеге, баяндаманын соңунда ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90