музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ПРООНДУН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАⱧЫ ТУРУКТУУ ѲКҮЛҮ АЛЕКСАНДРА СОЛОВЬЕВА КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ПРООНДУН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАⱧЫ ТУРУКТУУ ѲКҮЛҮ АЛЕКСАНДРА СОЛОВЬЕВА КЕЛДИ

ПРООНдун жогорку ѳкүлүн музей директору, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, эки тараптуу сүйлѳшүү жүргүзүлдү.
Эл аралык тажрыйбасы бар туруктуу ѳкүл менен музей жетекчиси интенсивдүү нукта жүрүп жаткан санариптик контенттин актуалдуулугун жогорулатуу, трансформациялоо, коммуникациялык технологияларды жакшыртуу багытындагы иштер жана социалдык колдоо, инклюзивдик аспектеги долбоорлор, ж.б. приоритеттүү боюнча сүйлѳшүү жүргүзүп, сунуш-пикир алмашышты.
Андан соң музейдин кѳргѳзмѳсүнѳ саякат уюштурулуп, инклюзивдик ѳзгѳчѳлүктѳгү балдардын жасаган арт панно эмгегинен тарта, Кыргызстандын улуттук руханий байлыгы саналган, ЮНЕСКОнун адамзаттын репрезентативдик мурастарынын тизмесине кирген боз үй, ак калпак, элечек, ала кийиз менен шырдагы, тогуз коргоол, ж.б. атрактивдүү экспонаттары аркылуу экскурсия ѳткѳрүлдү.
Кыргыз тарыхын жана маданиятын ынтызарлык менен толук кѳрүп чыккан Александра Соловьева айым, музейдин коллекцияларынын уникалдуулугуна ѳтѳ суктангандыгын билдирди.
Расмий мейман соңунда, берилген кызматташуу сунуштары жана маданий-агартуучу экскурсия үчүн музей жетекчисине жана жамаатына терең ыраазычылыгын айтты.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90