КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КЫТАЙ ѲЛКѲСҮНҮН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Кытай ѳлкѳсүнүн делегациясы Кыргыз Республикасынын Мэриясы менен кызматташуу сапарынын алкагында, тарых музейине саякат жасап, экскурсия угушту.
Кыргыз тарыхынын панорамасына кылдат кѳз жүгүрткѳн жана баяндама уккан ѳкүлдѳр, тарыхый ретроспективдүү маалыматтарга, теманы терең ачып берген предметтерге жана кѳрүүнү жеңилдеткен коммуникациялык каражаттардагы жардамчы материалдардан алган кызыктуу маалыматтарга суктануусун билдиришти.
Алгачкы коомдон – азыркы күндѳгү окуяларга жана ѳткѳнгѳ сереп салган расмий меймандар, соңунда маданий программага мүмкүнчүлүк түзгѳн музей жетекчилигине жана кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип кетишти.