УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “КЫЛЫМ МУРАСТАРЫ” АТАЛЫШТАГЫ МЕЗГИЛДҮҮ КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ
Кѳргѳзмѳдѳ азыркы Кыргызстандын аймагындагы табылган уникалдуу шедевр табылгалардын фотосүрѳттѳрдүн негизинде, байыркы доордун социалдык-экономикалык жана руханий жетишкендиги чагылдырылды.
Кыргызстандагы Байыркы доордун петроглифтертери, эрте орто кылымдагы кѳчмѳндѳрдүн кѳркѳм металл жасалга кооздуктары, түрк доорундагы аска-таш сүрѳттѳрү, орто кылымдагы жазуу эстеликтери жана түрк дүйнѳсүнүн чыгаан аалымдарынын портретинин жана эмгектеринин фотосүрѳттѳрү коюлду.
“Шамшы ханышасынын” алтын беткеби, каңылтыр формада жасалган алтын жейрен, бийлик символун билдирген “пектораль”, коло доорундагы “Күн баланын” элеси, Махмуд Кашгари түзгѳн орто кылымдагы дүйнѳ картасы сындуу экспонаттардын топтомдорунун сүрѳттѳрү кѳрүүчүнү кайдигер калтырбайт.
Бул коллекциялар аркылуу, ошол доордун турмуш-тажрыйбасы, коомдук-саясий түзүлүшү, илим казынасынын байлыгы, диний-идеологиялык жана мифологиялык түшүнүк таанымдары, кѳркѳм кол ѳнѳрчүлүгүнүн жана зергерчилик техникасынын ѳркүндѳшү, жалпылап алганда материалдык жана руханий ѳсүүсү тууралуу билимибизди байытабыз.
Мезгилдүү кѳргѳзмѳ аркылуу, ошол доордун чеберлеринин жана илимпоздорунун дүйнѳлүк маданиятка салган салымына ар кыл спектрде кѳз чаптырып, талдап, салыштырып, эс алып кетүүгѳ тарых музейи кѳрүүчүлѳрүн чакырат.