УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ИШ ТАЖРЫЙБАДА ЖҮРГѲН УСТАТ МУГАЛИМДЕР КЕЛИШТИ
Улуттук тарых музейине улуттун келечегин ѳстүрүп келе жаткан насаатчылардын тобу саякат жасап, адамзаттын басып ѳткѳн издери жана кыргыз элинин эзелки тарыхы тууралуу баяндаган экспозициясы менен таанышышты.
Баяндамачылар ѳткѳн окуялардын сабак-натыйжалары, изилдѳѳ проблемалары, илимдеги жаңы ачылыштар жана экспонаттардын кѳптѳгѳн турмуштук, эстетикалык, идеологиялык сырларды камтыган аннотациялары боюнча маалыматты түшүндүрүп беришти.
Алдыда дагы далай ачылыштар, чечмелѳѳлѳр, толуктоолор күтүп жаткан музей предметтеринин бай таржымалы жана изилдѳѳ зарылдыгы бар купуя сырлары жѳнүндѳ баяндоо уккан агартуучулар, мекеменин ишине ийгилик каалап кетишти.