музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО ИШМЕРЛЕРИ КЕЛИШТИ

УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО ИШМЕРЛЕРИ КЕЛИШТИ

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуп жаткан кѳрүнүктүү маданият ишмерлери Сыймык Бейшекеев, Майрамбек Осмонов баштаган таланттуу инсандар атайын тарых музейине келип, үлгү кѳрсѳтүп, ата бабалардын тарыхы менен таанышып чыгышты.
Элине эмгек сиңирип жаткан эл шайырларына музейдин экспрессивдүү экспонаттары жана коллекциялары, элдик жана профессионалдык музыка маданияты, искусство ишмерлеринин ѳмүр жолу жана чыгармалары жѳнүндѳ экскурсиялар уюштурулду.
Кѳргѳзмѳнүн соңунда, жан дүйнѳ азыгын жана руханий канааттануу алгандыгын белгилешип, агартуу ишин активдүү жүргүзүп жаткан мекемеге ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90