музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫНА АРНАЛГАН КѲРГѲЗМѲ АЧЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи жана Санкт-Петербургдун Тышкы байланыштар комитети тарабынан даярдалган жана музейге ѳткѳрүлүп берилген фотоматериалдардын негизинде, «Взывай же чаще к памяти моей, медаль за «За оборону Ленинграда» аталыштагы кѳргѳзмѳ ачылды.
Ленинград курчоосунун алынган күнүнѳ арналган кѳргѳзмѳнүн ачылышына музей жана маданият ѳкүлдѳрү, Баатыр шаарды коргоочулардын жакындары, окуу жайдын студенттери жана маалымат каражаттарынын кабарчылары катышты.
Улуу Ата Мекендик согуштагы эң күжүрмѳндүк жана кайраттуулук менен коргонгон ленинграддыктардын жана Ленинградды коргоп күрѳшкѳн тѳрт жарым миң кыргызстандык жоокерлердин эрдиги, 16 миң эвакуацияланып келген адамды, анын ичинде үч жарым миң балдарды асырап алган кыргыз элинин салымы тууралуу маалыматтар берилди.150 баланы жалгыз асырап алган Токтогон Алтыбасарова апанын кайраты жана мээрими тууралуу таасирдүү баянга ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулду.
Музей кѳргѳзмѳлѳр аркылуу коомду агартууга жана тарыхтан сабак алууга үндѳгѳн иштерин үзгүлтүксүз улантат.
Пресс-маалымат: Ленинград блокадасы – Улуу Ата Мекендик согуштун эң бир трагедиялуу унутулгус барагы. Баатыр шаар 900 күн жана түн ѳрттүү жалындын кучагында калган. Тѳрт жарым миң кыргызстандыктар шаарды фашисттик блокададан каармандык менен бошотууда курман болушкан. 2010-жылы Пискарев мемориалында кыргызстандык жоокерлердин урматына эстелик тактасы орнотулган. Ленинград блокадасында эвакуацияланып келген 16 миң адамды, анын ичинде 3,5 миң ѳспүрүм балдарды кыргызстандыктар кучагын жайып тосуп алып, кам кѳрүшкѳн.
1943-жылдын 18-январында Ленинград жана Волховск фронтунун күчтѳрү тарабынан блокада курчоосу бузулуп, 1944-жылдын 27-январында Ленинград толук бошотулган. Кечинде шаарды бошотуунун урматына, Нева боюнда асманда салют учкундары жаркыраган.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90