музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ЭКСПОЗИЦИЯСЫНДАГЫ КЫРГЫЗСТАНГА АЛГАЧ КЕЛГЕН ФОРДЗОН ТРАКТОРУНУН МАКЕТИНИН ТАРЫХЫН БИЛЕСИЗБИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ЭКСПОЗИЦИЯСЫНДАГЫ КЫРГЫЗСТАНГА АЛГАЧ КЕЛГЕН ФОРДЗОН ТРАКТОРУНУН МАКЕТИНИН ТАРЫХЫН БИЛЕСИЗБИ

Алгач Кыргызстанга “Ленин шамы” менен катар 1925-жылы келген алгачкы 3 трактор кѳчмѳн элдин таң калуусун жаратканын, анын тарыхы миллиардер, эң популярдуу унааны жасап чыккан Генри Форд менен байланышканын баары эле биле бербесе керек.
Автомобилди биринчи ойлоп тапкан америкалык ишкер, ойлоп табуучу Форддун айыл чарба тракторунун моделинин негизинде иштелип чыккан “Фордзон”, Ленинградда “Красный Путиловец” заводунда жасалган алгачкы советтик трактор эле.
Социалисттик курулушка кѳмѳк кѳрсѳтүүгѳ келген интергелпочулар ѳзүлѳрү менен Кыргызстанга ала келишкен айыл чарба техникасы – жыгач буурсун, темир соко чегилген ат, ѳгүз менен менен жер иштеткен жергиликтүү элдин эсин аң-таң кылган.
Агрардык чарбанынын тарыхына совет доорунда ушул тракторлор жаңылык киргизген.
Андыктан, ат арабадан – от арабага ѳткѳн тарыхый окуялар, кызыктар жана сырлар камтылган тарых музейине келип, акыл кѳрѳңгѳнү байытып турууну сунуштайбыз.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90