музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ФОНДУСУ ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АКЫНДЫН КОЛЛЕКЦИЯСЫ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ФОНДУСУ ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АКЫНДЫН КОЛЛЕКЦИЯСЫ МЕНЕН ТОЛУКТАЛДЫ

Арстанбек, Жеңижок, Эшмамбет, Токтогул сындуу алп акындардын жолун улап, катарын калыңдаткан акын импровизатор, обончу, дастанчы, манасчы, актер, «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана эл аралык сынактардын жеңүүчүсүнүн музейдин мурасына айлана турган кѳзгѳ басар буюмдары сакталууга алынды.
Аңызга айланган акындын колу ойногон комузу, аманат кылган ырлар жыйнагы, кѳзгѳ үйүр алган сахна чепкени, эл ыроологон күбѳлүктѳрү, сыйлыктары менен эстеликке калган сүрѳттѳрүнүн улуттук макамдагы руханий жайга кабыл алынышы жана фондусунун толукталышы менен мекеме сыймыктанат.
Алдыда музей аудиториясы менен алаканы күчѳтүп, музей деген дефиницияны таанытуу үстүндѳ дагы тынымсыз иштеп, кѳрѳрмандардын кызыгуусун жараткан жаңылыктарын жарыялап турат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90