КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ОКУУЧУЛАРЫ КЕЛҮҮДѲ
Беловодск аймагынын орто мектебинин мугалимдери жана 3 классынын 100гѳ жакын окуучулары тарых музейине саякат жасады.
Ашель, мустье доорундагы адамдардын анимистик жана тотемдик ишенимдери, мамонттордун табылгаларынан тарта, руханий маданияттын – сүрѳт искусствосунун келип чыгышы, орто кылымдагы кѳчмѳндѳрдүн жана кыргыздардын саясий тарыхы, коомдук түзүлүшү боюнча бай маалымат алган дилгир окуучулардын, музейге жана тарыхка болгон симпатиялары жаралды.
Улуттун кѳрѳңгѳсү сакталган жерден руханий агартуучу таалим алган агай-эжейлер жана окуучулар, соңунда ыраазычылыгын билдиришти.