КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН ЭКСПОЗИЦИЯСЫНДА УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН УНИКАЛДУУ БУЮМДАРЫ КѲРСѲТҮЛҮП КЕЛЕТ
Арзыган жигитине, жан курбу жарына, ардактаган ата-агаларына жазылган бул ак материалга “М” жана “Н” деген сыр белгиси бар белеке берилген каттагы кусалык жана кызыл кездемедеги сагынычтары саймаланган баштыктагы ырдын түп мааниси согуш жылдарындагы аялзатынын аруулугун жана күчтүүлүгүн айкындаган ѳтѳ баалуу мурас.
Майдандагы жеңиш, ооруктагы эмгекчилердин, карапайым элдин жана ата журту үчүн күйгѳн аялдардын теңдешкис каармандыгы менен келгендигинин ачык бир далили.
Ак тилектеги апалардын, кайраттуу кыз-келиндердин баатырдыкка байма-бай үндѳгѳн чакырыгы, жоокерлердин рухун кѳтѳрүшүп, триумфалдуу жеңишке ѳлчѳѳсүз кошкон салымы.
Кыргыздын Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Токтогон Алтыбасарова, Мыскал Ѳмүрканова, Сайра Кийизбаева, Рафагүл Айдарбекова сындуу мыкты аялзаттарынын жоокерлердин жеңишине ченебеген дем-күч берген шыктандыруусу.
Буюмда жазылган маалымат Дүйнѳлүк экинчи согуштун апааты, кайгы-муңу, үмүт-тилеги тууралуу терең ойго салып, инсандардын дүйнѳ таанымын кеңейтип, мекенчилдик жана интернационалдык түшүнүгүн тереңдетүүгѳ түрткү берет.
Улуттун кенчи сакталган мекемедеги ар бир буюмдун тарыхы – адамзаттын, окуялардын жана доорлордун бүтүндѳй сырлары тууралуу сүйлѳп, терең маанисин ачып, тарыхтан сабак алууга үндѳп тургандыктан, улуттук музейге келип жан дүйнѳнү байытып туруу абзелдигин кѳрсѳтѳт.
Саймалуу кездеме буюмдагы тексттер
Кыргыз кызы саймалаган ушул жоолук,
Жоокерге арналсын.
Жоокердин аткан огу,
Фашистердин жүрѳгүнѳ кадалсын.
Чачылуу ушул баштыкка,
Тамеки салып тарткыла.
Талкалап фашист уясын,
Таалайлуу кылып биздерди,
Жеңиш менен кайткыла.