музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ѲЗБЕКСТАНДЫН ЖОГОКУ ОКУУ ЖАЙЫНЫН РЕКТОРУ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ѲЗБЕКСТАНДЫН ЖОГОКУ ОКУУ ЖАЙЫНЫН РЕКТОРУ КЕЛДИ

Кыргызстанда маданият жана билим берүү тармагында кызматташуу максатында жүргѳн Ѳзбекстандын Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Элдар Шерманов, коллегасы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Түмѳнбай Колдошов менен келип, тарых музейинин баалуу коллекциялары менен таанышты.
Мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова окуу жайдын ректорлорун тосуп алып, музей ишмердүүлүгү, билим берүү жана чыгармачыл чѳйрѳдѳгү жетишкендиктер тууралуу пикир алышты.
Расмий сүйлѳшүүдѳн кийин, кыргыз тарыхы тууралуу экскурсия жүргүзүлдү.
Кыргызстандын жана эки элдин орток тарыхы, географиялык бир алкакта тараган тектеш маданияты, тарыхтагы окумуштуу аалым инсандар тууралуу кызыгуу менен кѳрүп чыкты.
Маданий программанын соңунда, музей жетекчисине жана улуттун мурасын кастарлап сактап келе жаткан мекемеге ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90