музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮНѲ КАРАТА ИШ-ЧАРА УЮШТУРУЛДУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮНѲ КАРАТА ИШ-ЧАРА УЮШТУРУЛДУ

Улуттук тарых музейи, 23-февраль “Ата Мекенди коргоо” күнүнѳ карата Кыргыз жаа атуу Федерациясы менен биргеликте, жаш муунду улуттук жаа атуу спортун жайылтуу жана жаштарга үйрѳтүү максатында, мастер-класс менен коштолгон иш-чараны ѳткѳрдү.
Иш-чараны расмий ачкан музей директору, профессор Жылдыз Бакашова, улуттук жана эл аралык жаа спортунун тарыхы тууралуу кызыктуу баяндап, оюндун менталдык ѳзгѳчѳлүгү, интеллектуалдык жана физикалык күчтүн гармониясын жаратаары, философиялык терең мааниси тууралуу чечмелеп айтып берди.
Улуттук спортту жакындан билүүгѳ жана үйрѳнүүгѳ келген И. Арабаев ат. КМУнун студенттерине тарыхый ѳнѳрдү баалоо жана үйрѳнүү зарылдыгын белгилеп ѳттү.
Федерациянын тренери Элиза Тыналиева жана шакирттери жаа спорту акыл эсти жана күчтүү тең салмактаган, терс энергиядан арылтуучу, келечектүү спорт экендигин жана тарыхын түшүндүрүп, ар бир каалоочуга жаа аттырып, сырлары менен техникасын үйрѳтүштү.
Майрамдык иш-чаранын жана мастер-класстын соңунда, музей жетекчиси тарбиялык жана спорттук ѳнѳрдү ѳнүктүрүүгѳ кошкон салымы үчүн машыктыруучуну жана анын шакирттерин мекеменин ыраазычылык каттары жана белектери менен сыйлады.
Музей ата-бабалардан мурасталып келе жаткан улуу ѳнѳрлѳрдүн тарыхы жана аларды сактап калуу менен жаштарга жайылтуучу иш-чараларды ырааттуу улантат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90