музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ МАЙРАМЫНДА КѲРҮҮЧҮЛѲР ЭС АЛУУГА КЕЛИШТИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ МАЙРАМЫНДА КѲРҮҮЧҮЛѲР ЭС АЛУУГА КЕЛИШТИ

Кѳрүүчүлѳрдүн эс алуусу үчүн иштеген тарых музейине, мектеп окуучулары, кѳрүүчүлѳр, чет ѳлкѳлүк меймандар кѳрүүгѳ жана экскурсия угууга келип, руханий-интеллектулдык кумарын жазышууда.
Адамзат тарыхындагы коло доорундагы алгачкы согуштардын келип чыгышынан – Улуу Ата Мекендик согуш менен кансыз согуш тирешүүлѳрү, алардын фарска айланган кесепеттерин жоюу жана алардан сабак алуу тууралуу түшүндүрүү баяндамалары жүргүзүлдү.
Улуттук музейдин сакралдык кенчи саналган коллекциялары, тематикалык бѳлүмдѳрдѳгү терең баам салуучу окуялардын сүрѳттѳлүшү кѳрѳрмандарды кайдыгер калтырган жок.
Ата-бабалардын ѳтѳлгѳлүү ѳмүрү, нарктуу эрежелери, калтырган мурастары менен таанышкан экскурсанттар, жүз жылга чукул тарыхы бар музейге жана агартуу иштерин алып барган адистерине ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90