музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ МОНГОЛИЯНЫН УЛУУ МАМЛЕКЕТТИК ХУРАЛЫНЫН ТѲРАГАСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ МОНГОЛИЯНЫН УЛУУ МАМЛЕКЕТТИК ХУРАЛЫНЫН ТѲРАГАСЫ КЕЛДИ

Кыргызстандагы жогорку мамлекеттик иш сапарынын алкагында, Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын тѳрагасы Гомбожавын Занданшатар жетектеген монгол ѳлкѳсүнүн депутаттарынан турган делегация ѳкүлдѳрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Азизбек Турсунбаев, Кыргызстандын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Айбек Артыкбаев ж.б. кыргыз коллегаларынын коштоосунда тарых музейине атайын саякат жасады.
Расмий меймандарды мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алды.
Атайын келген сый меймандарга, бай руханий мурасы жана салттары менен ѳзгѳчѳлѳнүп турган кѳчмѳн кыргыздардын тарыхы жана Борбордук Азиядагы түрк-монгол кѳчмѳндѳрүнүн издери чагылдырылган экспозиция боюнча экскурсия уюштурулду.
Кыргыз элинин бай тарыхы жана монгол доорундагы окуяларга байланышкан окуялар меймандын назарын ѳзгѳчѳ бурган тема болду.
Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын тѳрагасы жана делегация ѳкүлдѳрү, соңунда уникалдуу коллекцияларга суктануусун жана тарыхый-маданий кенчтерин жайылтып келе жаткан мекемеге ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90