музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ МОНГОЛИЯ МАМЛЕКЕТИНИН ОМБУДСМЕНИ ЖАРГАЛСАЙХАН ХУНАН КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ МОНГОЛИЯ МАМЛЕКЕТИНИН ОМБУДСМЕНИ ЖАРГАЛСАЙХАН ХУНАН КЕЛДИ

Монголия мамлекетинин Омбудсмени Жаргалсайхан Хунан мырза Кыргызстандагы расмий иш сапарынын алкагында, кыргыз коллегалары менен тарых музейине саякат жасады.
Делегаттарга кыргыз тарыхы жана Борбордук Азияда сакталып калган түрк-монгол элдеринин орток маданияты тууралуу экскурсия жүргүзүлдү.
Кыргыздардын Монгол империясы, Чагатай улусу, Хайду хандыгы, моголдор мамлекети менен байланышкан окуялары жана экспонаттары омбудсмендин кызыгуусун арттырды.
Кѳргѳзмѳнүн соңунда, расмий мейман улуттук дѳѳлѳттѳр сакталган ѳлкѳнүн башкы музейине жана кѳрүүгѳ мүмкүнчүлүк түзгѳн жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90