музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН МОНГОЛИЯНЫН УЛУУ МАМЛЕКЕТТИК ХУРАЛЫНЫН ТѲРАГАСЫНЫН ЖУБАЙЫ КѲРҮҮГѲ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИН МОНГОЛИЯНЫН УЛУУ МАМЛЕКЕТТИК ХУРАЛЫНЫН ТѲРАГАСЫНЫН ЖУБАЙЫ КѲРҮҮГѲ КЕЛДИ

Кыргызстандагы жогорку мамлекеттик иш сапарынын алкагында, Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын делегация курамындагы тѳраганын жубайы тарых музейине саякат жасады.
Расмий мейманды мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, биргеликте кѳргѳзмѳнү кѳрүп чыгышты.
Кыргызстандын бай маданияты менен ажайып экспонаттарынын тарых-таржымалы, керемет кенчтери жана аймактагы монголдордун тийгизген таасири тууралуу окуялардын күбѳсү саналган эзелки табылгалар тууралуу кызыктуу экскурсия уюштурулду.
Ардактуу мейман, соңунда сейрек жана кымбат топтомдордун ири коллекциясы сакталып жана кѳрсѳтүлүп келе жаткан руханий мекемеге жана жылуу тосуп алган жетекчилигине символикалуу белегин тапшырып, эстелик сүрѳткѳ түшүп, терең ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90