музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН АСКЕРДИК КЫЗМАТТАШУУДАГЫ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН АСКЕРДИК КЫЗМАТТАШУУДАГЫ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

Россия Федерациясынын Росгвардиясынын тажрыйба алмашууда жүргѳн аскер ѳкүлдѳрү, эки ѳлкѳнүн ортосундагы кызматташтык иш сапарынын алкагында тарых музейине саякат жасады.
Делегация ѳкүлдѳрүнѳ, Евразия континентинин кеңири аймагында тараган маданияттар, саясий дипломатиянын түптѳлүшү, союздук келишимдер темаларында экскурсия жүргүзүлдү.
Кыргыз элинин 2200 жылдык тарыхынын урунтуу учурлары, маанилүү окуялар, эл аралык мамилелер жана кызыктуу экспонаттар боюнча маалымат алган меймандар, соңунда маданий программага жана улуттук музейдин ишмердүүлүгүнѳ ийгилик каалады.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90