музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  “АЯЛЗАТ – ААЛАМ АЖАРЫ”

“АЯЛЗАТ – ААЛАМ АЖАРЫ”

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде, 2024-жылдын 5-мартында саат 11.00дѳ Ч. Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Кѳл форуму менен биргеликте Эл аралык аялдардын күнүнѳ карата уюштурулган “Аялзат – аалам ажары” аттуу кѳргѳзмѳсү ачылат.
Ааалам ажары болгон аялзатынын ордун чагылдырган Динара Жумабаеванын 40ка жакын автордук картиналары аркылуу адам, менен жаратылыштын гармониясы, аялзатын коомдогу жана тарыхтагы орду, улуттук салттык ѳзгѳчѳлүктѳр тууралуу чоң философияны камтыган айнекке кѳркѳмдѳп тартуу искусствосу коомчулукка тааныштырылат.
Иш-чарага Азербайжан ѳлкѳсүнүн элчиси, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, коомдук уюмдар, музей кызматкерлери, окуу жайдын студенттери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын ѳкүлдѳрүнүн катышат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90