музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Ак калпак күнүнѳ карата тарых музейи окуу жайлардын окуучуларынын, студентеринин жана жоокерлердин катышуусунда майрамдык иш чара ѳткѳрдү.
Иш-чараны музей директору, профессор Жылдыз Бакашова ачып, калпактын сакралдык сиволикалуу мааниге ээ экендигин белгилеп, жалпы кыргыз элин Ак калпак жана Туу күнү майрамы менен куттуктап ѳттү.
Майрамды, Ысык-Ата районунун №2 Покровка жалпы орто билим берүүчү мектеп-лицейинин таланттуу окуучулары калпактын тарыхы, салттык, жаш курактык мааниси тууралуу жакшы даярдалган программасы жана манас айтуу менен ачышты.
17-кесиптик лицейинин атайын чакырылган таланттуу кыздары ѳздѳрүнүн алгачкы жеке эмгектери саналган, кыргыздын кѳрктүү тигилген салттуу кийимдеринин кызыктуу модасын кѳрсѳтүштү.
Ак калпак күнүнѳ арналган иш-чара ийгиликтүү ѳтүп, маданиятты ѳнүктүрүүгѳ салымын кошкон жаш катышуучуларга жана мекемелерге, музей жетекчиси тарабынан ыраазычылык каттар жана китептер белекке берилип, салттуу кийимдер жана мамлекеттик туу боюнча тематикалык лекция окулуу менен майрамдык кече жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90