музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ДҮЙНѲЛҮК БАНКТТЫН АТКАРУУЧУ ДИРЕКТОРЛОРУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ ДҮЙНѲЛҮК БАНКТТЫН АТКАРУУЧУ ДИРЕКТОРЛОРУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

Дүйнѳлүк банктын Вашингтондогу Доминик Фавр башында турган Аткаруучу директорлору, Кыргызстандын Президенти жана Аткаруу бийлиги менен сүйлѳшүү жүргүзгѳн маанилүү иш сапарынын алкагында, ѳлкѳнүн жүзү саналган тарых музейине саякат жасады.
Жогорку даражалуу делегацияны, музей директору, профессор Жылдыз Бакашова тосуп алып, алгач эркин форматта кыскача пикирлешип жана эстелик сүрѳткѳ түшүштү.
Атайын ѳтүнүп келген меймандарга, эркин жана Эгемендүү Кыргызстандын тарыхы, мамлекеттүүлүгү, маанилүү окуялары, символдору жана уникалдуу коллекциялары тууралуу кызыктуу экскурсия жүргүзүлдү.
Ар ѳңүттѳ кызыккан суроолорун берген жана адамзаттын руханий мурастарынын тизмесине кирип, шедеврлердин катарын толуктаган экспозиция менен таанышкан делегация ѳкүлдѳрү, соңунда ѳтѳ суктануусун жана ыраазычылыгын билдиришти.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90