музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “БАЛА ЧАК – 2024 V ЭЛ АРАЛЫК КОНКУРС – ФЕСТИВАЛЫ” ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “БАЛА ЧАК – 2024 V ЭЛ АРАЛЫК КОНКУРС – ФЕСТИВАЛЫ” ѲТТҮ

Тарых музейинин салтанаттуу залында Кыргызстан, Казакстан, Түркмѳнстан жана Каракалпакстан ѳлкѳлѳрүнүн ѳспүрүмдѳрүнүн катышуусундагы, жаш таланттардын ѳсүшүнѳ дем берген сынактын жыйынтыктоочу иш-чарасы ѳттү.
Келечек ээлерин эл аралык фестивалдарга даярдоо жана багыттоо максатындагы гала концертте, ѳзгѳчѳлѳнгѳн шыктуу жеткинчектер кызыктуу ѳнѳрлѳрүн тартуулашты.
Уюштуруучулар тарабынан соңунда, алдыңкы орунду алган жеңүүчүлѳрүнѳ дипломдор жана белектер тапшырылып, ийгиликтер кааланып, таланттуу инсанды тарбиялоо иши уланаары тууралуу айтылды.
Музейдин кеңири коомчулукту агартуучу жана маданий-эстетикалык интеллектин ѳстүрүүчү аянтчасы кѳрүүчүлѳрү жана уюштуруучулар үчүн ар дайым ачык болуу менен, мындан ары да элге кылган кызматын татыктуу уланат.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90