музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “АЯЛЗАТ – ААЛАМ АЖАРЫ” АТАЛЫШЫНДАГЫ КѲРГѲЗМѲЛҮҮ ИШ-ЧАРА ѲТТҮ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ “АЯЛЗАТ – ААЛАМ АЖАРЫ” АТАЛЫШЫНДАГЫ КѲРГѲЗМѲЛҮҮ ИШ-ЧАРА ѲТТҮ

Иш-чараны модераторлук кылган мекеме жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова ачып, эне жана жетекчи катары аялзатынын тарыхтагы жана коомдогу ролунун бийиктиги тууралуу кара сѳз жана ыр менен коштолгон баяндамасында ѳзгѳчѳ белгиледи.
О.э., кѳргѳзмѳдѳгү шѳкѳттѳп айнекке тартуу призмасы аркылуу коомдогу аялзатынын ажары, ишмердүүлүгү жана табият сүрѳттѳлгѳн искусствонун жаштарга тийгизген таалим-тарбиялык күчүнѳ токтолду.
Атайын келип катышкан Ысык-Кѳл форумунун Президенти Аскар Айтматов, Кыргыз Республикасындагы Азербайжан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Гандилов, И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева жана сүрѳт кѳргѳзмѳнүн автору Динара Жумабаевалар иш-чаранын, кѳргѳзмѳнүн жана эки тараптуу иш-чаралардын маанилүүлүгүнѳ кеңири токтолуп, аялзатынын майрамы менен куттукташты.
Майрамдык иш-чарада, музейдин жетекчиси, профессор Жылдыз Бакашова илимге, маданиятка, Айтматов таанууга ар тараптуу кошуп келе жаткан эмгеги үчүн Ысык-Кѳл форумунун Президентинин атайын медалы менен сыйланды.
Аялдардын эл аралык күнүнѳ арналган иш-чаранын эркин бѳлүгү кѳргѳзмѳ, концерттик программа менен коштолуп, манас айтылып, ыр-күүлѳр аткарылды.
Музей ѳзү жана ѳнѳктѳштѳрү менен биргеликте диалогго чакырган, маданий алаканы чыңдаган иш-чарасы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90