музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ САУД АРАБИЯ ПАДЫШАЛЫГЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ САУД АРАБИЯ ПАДЫШАЛЫГЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

Кыргыз-Сауд Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий кеңешмелердин отурумуна катышуу үчүн келген Сауд Арабия Падышачылыгынын тышкы иштер министринин орун басары Валид бин Абдулкарим Аль-Хурейжи мырза жетектеген делегеция курамы, тарых музейине саякат жасады.
Музей директору, профессор Жылдыз Бакашова Валид бин Абдулкарим Аль-Хурейжи мырзаны тосуп алып, биргеликте кыргыз тарыхын кѳрүштү.
Мекеме жетекчиси, кырк уруу кыргыздардын уруулук түзүлүшүнүн илимий, тарыхый терең мааниси тууралуу ѳзү маалымат берип, байыркы доордогу маданияттардан, азыркы күнгѳ чейинки окуялар тууралуу кызыктуу экскурсия илимий кызматкер тарабынан жүргүзүлдү.
Соңунда, музей тарабынан кѳрсѳтүлгѳн ыкчам тейлѳѳгѳ жана берилген бай маалыматка, делегация жетекчиси терең ыраазычылыгын билдирди.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90