музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН “КЫРГЫЗСТАН КОРЕЯЛЫК ФОТОГРАФТАРДЫН КѲЗҮ МЕНЕН” АТТУУ ФОТОКѲРГѲЗМѲСҮ АЧЫЛДЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН “КЫРГЫЗСТАН КОРЕЯЛЫК ФОТОГРАФТАРДЫН КѲЗҮ МЕНЕН” АТТУУ ФОТОКѲРГѲЗМѲСҮ АЧЫЛДЫ

Иш-чарага Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин жетекчиси Жылдыз Бакашова, Бишкек шаарынын Мэриясы менен Туризм департаментинин жооптуу ѳкүлдѳрү, музей директорлору жана коомчулук катышты.
Кыргызстан менен Корея ѳлкѳсүнүн кыргыз туризминин индустриясын жана инфраструктурасын түзүү багытындагы 10 жыл аралыгындагы ийгиликтүү кызматташтыгы тууралуу, иш-чарада ѳзгѳчѳ белгиленди.
Корея Республикасынын “КОICA” эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосу менен “KYRGYSFRIENDS” маданиятты жана туризмди колдоо долбоорунун алкагында, Кыргызстандын түркүн түстүү кооз жерлерин, каада-салтын, маданиятын чагылдырган 70тен ашуун сүрѳттѳр иш-чаранын жүрүшүндѳ кѳрүүчүлѳргѳ тартууланды.
Ысык-Кѳл, Нарын, Бишкек ж.б. аймактардагы жылдын тѳрт мезгилинде тартылган уникалдуу жаратылыш пейзаждары, бай маданияты, туристтик потенциялы тартылган фотокѳргѳзмѳ, Кыргызстанда маданий туризмди ѳнүктүрүүгѳ зор салымын кошуп, кѳрүүчүлѳрдүн музейге болгон кызыгууларын күчѳтүп, кыргыз-корей кызматташтыгын арттырмакчы.
Иш-чара талантуу чыгармачыл топтун этноконцерттик программасы менен коштолуп, Кыргызстандын керемет жерлери жана туризм тармагында аткарылган долбоорлор тууралуу ролик кѳрсѳтүлүп, кѳргѳзмѳнү кѳрүү менен жыйынтыкталды.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90