музей кыргызстана новости темный фон
  /  Жаңылыктар   /  КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ИРАН ИСЛАМ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ИРАН ИСЛАМ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндѳрүнүн алкагында, кыргыз тарыхы жана маданияты менен таанышуу максатында Иран ѳлкѳсүнүн делегациясы тарых музейине зыярат кылды.
Байыркы доордон – Эгемендүү Кыргызстандын Соңку жаңы тарыхына чейинки музей фондусунун керемет коллекциялары тууралуу экскурсия, атайын келген меймандарга жүргүзүлдү.
Борбордук Азиянын жана Кыргызстандын аймагында жашап ѳткѳн элдердин ѳтмүшү чегилген Ирандагы Бехустин, Персопол аскаларындагы сактардын сүрѳттѳрү, Чүй ѳрѳѳнүндѳ сакталган зороастризмдин храмдары, буюмдары, перс жазма булактарындагы кыргыздардын эскерилиши, орто кылымдагы антроморфтуу жана зооморфтуу жасалып, аймактан табылган чыгыш элдерине таандык экспонаттар, ж.б. айтылган бай маалыматтар, меймандардын ѳтѳ кызыгуусун жана суктануусун жаратты.
Соңунда, маданий программага мүмкүндүк түзгѳн музей жетекчисине жана жамаатынынын ишине ийгилик каалап узашты.

Шш – Жш: 09:00 – 18:00, касса 17:30 га чейин
Санитардык күндөр: ар бир айдын дүйшөмбү жана акыркы жумасы

Бишкек шаары, Чүй проспекти 112, «Ала-Тоо» аянты
Кабылдама 0(312) 62-60-97
Билет кассасы 0(312) 62-61-05
Экскурсия бөлүмү 0(312) 62-60-90